БАШЫНА ИШ ТүШүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кирептер болуу, кыйын-кыстоо абалда калуу. Жездем экөөңдүн башыңа иш түштүбү? (Тойбаев). Башыңа иш түшкөндө акылдуу кишилер, пулдуу кишилер белдүү келет, билип кой (Касымбеков). В.: Башына мүшкүл иш түшүү. Чыныгы адам гана башыңа мүшкүл иш түшкөндө колунан келген жардамын аябайт тура («Ленинчил жаш»).